Оштогу жол кырсык 23 жаштагы жигиттин өмүрүн алды

Ошто жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыштак айылынын Ахмедов көчөсүндө Гольф-3 жана Вольво үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган жигит каза болду. Тартылган куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.