Оштогу жол кырсыкта 3 студент кыз каза болду. Алар курсташ болушкан

Ош — Сары-Таш — Иркештам жолунун 20-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 студент кыз каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Хонда Фит Ошко бара жаткан. Аны менен Оштон Алайга бара жаткан жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жеңил унаанын ичинде 6 адам болгон. 4 кыз жана 2 өспүрүм. Кырсыктын кесепетинен курсташ кыздар каза болушкан. Тактап айтканда, айдоочу жана унаанын артында отурган 2 кыз жан берген. Ал эми 11-класстын 2 окуучу баласы жана дагы 1 кыз аман калган.