Оштогу жол кырсыктан каза болгондордун саны 10 адамга жетти. Ооруканада 7 жаштагы бала көз жумду

Оштогу ооруканада жол кырсыкта жаракат алган 7 жаштагы бала көз жумду. Бул маалыматты журналисттерге Ош облустук балдар ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган баланын абалы өтө оор болгон. Анын мээсине кан уюп, баш сөөктөрү сынып кеткен.

16-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында КаМАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 7 адам көз жумган. Алардын экөө эркек, бешөөсү аял, арасында кош бойлуу келин да бар. Жол кырсыгынан жалпы 22 адам жабыркаган, алардын ичинен 8и жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эртеси күнү ооруканада 15 жаштагы өспүрүм көз жумган. Ал эми кечээ, 23-ноябрда дагы бир 25 жаштагы жигиттин көз жумганы маалымдалды.