Оштогу жол кырсыктан каза болгондордун саны 9 адамга жетти. Ооруканада жаш жигит жан берди

Оштогу ооруканада жол кырсыкта жараат алган 25 жаштагы жигит көз жумду. Бул маалыматты журналисттерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Азиз Жунусов тастыктады.

Маалыматка караганда, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну кечээ, 22-ноябрда көз жумган.

16-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында КаМАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 7 адам көз жумган. Алардын экөө эркек, бешөөсү аял, арасында кош бойлуу келин да бар. Жол кырсыгынан жалпы 22 адам жабыркаган, алардын ичинен 8и жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эртеси күнү ооруканада 15 жаштагы өспүрүм көз жумган.