Оштогу кафеде 5 миллион сомдон ашык акча уурдалган. Эки өспүрүм кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан ири суммадагы уурулук жасаган балдар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын тургундары 2008-жылы туулган 2 өспүрүм кармалышты. Кылмыштын негизги уюштуруучусу жаш болгонунуна карабастан мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүүлөр 22-январь күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан, эл көп барган кафелердин бирине түнкүсүн терезеси аркылуу уурулукка киришип, жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

Өспүрүмдөр кармалган соң, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүлөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришкен. Бирок аз убакыт ичинеде 480 миӊ сом акчаны өз кызыкчылыгына иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн. Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда. Кылмыш кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.