Оштогу кафеде 7 жаштагы баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат

Ноокатта тамактануучу жайда баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында баланы белгисиз эркек киши уруп жаткандыгы боюнча видео жарыяланган. Бул факты боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чара көрүлгөн. Тактап айтканда, окуя кайсы жерде болгондугу жана баланы уруп жаткан ким экендиги такталып, маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп баштаган.

26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы Умиров участкасынын 7 жаштагы тургуну Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну 30 жаштагы жаран уруп, денесине жараат келтирген. Балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.