Оштогу каналдан эки аял кишинин жансыз денеси табылды. 15 жаштагы кыз куткарылган (видео)

27-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мамакеев санаториясынын аймагында Ош-Араван каналына 3 аял киши сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин 2 адамдын жансыз денеси чыгарылган, ал эми 2006-жылы туулган кыз куткаруучулар тарабынан куткарылды.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 2006-жылы туулган кыз суу чөгө баштаганда ага жардам берүү үчүн апасы менен анын эжеси кошо сууга киришкен. Тилекке каршы, кичинекей кыз куткарылып, апасы менен бир тууганы сууга чөгүп кеткен.