Оштогу каналга 10 жаштагы бала чөгүп кетти

Оштогу Амир-Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 2011-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган. Саат 22:50дө маркумдун жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.