Оштогу каналга түшүп кеткен 1,5 жашар кыздын жансыз денесин издөө иштери уланууда

26-сентябрда Тойчу айылында 1997-жылы туулган келин кичинекей кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. 

ӨКМдин берген маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар тарабынан келин жана анын 3 жаштагы кызын суудан аман-эсен чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бүгүн, 28-сентябрда ал жерге 1,5 жашар кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Издөө иштери уланууда.