«Оштогу карыздын айынан кыйылган өмүр». 26 жаштагы шектүү кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 23-июнь күнү милицияга Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жарандын жансыз денеси ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: ошол күнү саат 15:30 чамасында Кенжекул айылынын кире беришинде жана ушул эле районго караштуу Курбан-Кара айылынын 26 жаштагы тургуну менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургунунун ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болуп, 26 жаштагы жаран өзү менен кошо алып келген бычагы менен 36 жаштагы жарандын денесине бир нече жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен жаран ооруканага жетпей каза болгон. Маркумга карата денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Аталган факты 24-июнь күнү Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.