Оштогу «Келечек» базары өрттөндү (сүрөт)

Оштогу «Келечек» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Келечек» базарынын аймагында саат 00:21 чамасында ашканадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.