Оштогу клиникада 819 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 28-январда Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү клиникаларынын биринде жетекчиси олтурган бөлмөдөн 819 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Шектүү катары мурда бир канча ирет кылмыш жопкерчилигине тартылган жаран кармалып, уурулук кылгандыгын мойнуна алган.