Оштогу Мачак айылында турак үй өрттөндү (сүрөт)

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мачак айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:42де Ош шаардык № 13 өрт өчүрүү бөлүмүнөн эки бөлүм тартылып, толугу менен саат 15: 44тө өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.