Оштогу медреседе реанимацияга түшүп калгыча сабалган өспүрүм. Милиция маалымат берди

Ош облусундагы медреседе 12 жаштагы бала денесинен оор жаракат алгандыгы боюнча Ош ОИИБден маалымат таратышты.

Маалыматка караганда, 9-декабрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургуну 12 жаштагы баланын денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгүн аймактык ооруканадан билдиришкен. Аталган окуя боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

«Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышты 13 жаштагы 3 өспүрүм жана 12 жаштагы 1 өспүрүм тарабынан жасалгандыгы аныкталып, алардын кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, ал эми Кылмыш-Жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала ушул Кодекске ылайык кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруудагы балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган. Кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде кылмышка шектүүлөрдүн ата-энелерине айып пул салынган. Бул жагдайда нараазы болгон маселе боюнча жабырлануучу тарап жарандык тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу», — деп айтылат маалыматта.