Оштогу муз тебүүчү аянтча менен бассейнди сатып салган шектүү кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелип, качып жүргөн коӊшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ал 2021-жылдын 12-сентябрь айында Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургунун алдоо жолу менен 615 миң 550 сомду жана Тойота үлгүсүндөгү баасы 15 миӊ доллар турган унааны алдап алып, из жашырып кеткен.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан муз тебүүчү аянтча менен бассейнди жабырлануучуга «менин менчигим, аларды, бардык тетиктерин сатамын» деп, жогорудагы белгиленген суммага сатып, акчасын жана машинасын алып, изин жашырып кеткен. Чындыгында, ал обьекттер бул шектүүгө таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок болгон. Кармалган учурда анын жанынан «тоо-токой коомдук фондуна» таандык жасалма күбөлүк чыккан. Шектүү коӊшу өлкөнүн жараны. Мурда 6 жолу соттолгон. Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматы бул шектүүдөн жабыр тарткандар жарандар болсо, 0703 22-20-20 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.