Оштогу оор жүк ташуучу унаанын 6 жаранды басып калышы. Айдоочу 1 айга камакта калтырылды

Оштогу 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу соттун чечими менен 1 айга камакта калтырылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан тастыкташты.

«Айыпталып жаткан жарандын жасаган кылмышы оор болгондуктан тергөөчүнүн эки айга камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, шектүү бир айга камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

24-июнь күнү саат 08:30 чамасында Ош шаары менен чектешкен Касымбеков көчөсүндө жол унаа кырсыгы орун алып, Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы жөө жүрүүчүлөрдү басып калган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1993-жылы төрөлгөн аял, анын 2018-жылы туулган кызы, 2021-жылы туулган уулу, 24 жаштагы кош бойлуу келин, 10 жаштагы жана 11 жаштагы кыздар көз жумган. Айдоочу камакка алынган.