Оштогу оор жүк ташуучу унаанын 6 жаранды басып калышы. Айдоочу камакта

Оштогу 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

24-июнь күнү саат 08:30 чамасында милицияга Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылында, тактап айтканда, Ош шаары менен чектешкен Касымбеков көчөсүндө жол унаа кырсыгы орун алып, Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы жөө жүрүүчүлөрдү басып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул жол унаа кырсыгы боюнча маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги менен тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар жыйналган.

Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан айдоочу 25 жаштагы жигит өзүнүн Хово үлгүсүндөгү унаасын Касымбеков көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй жолдун экинчи тилкесинде айдап бара жатып, ал көчөдө жайгашкан курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн тушуна келгенде, анын астында жөө жүргүнчү ташуучу кичи автобус чыга калгандыктан, унаасын оң тарапка алып качып, рулду башкара албастан, жолдун оң четине оң капталы менен оодарылып кетип, ал кузовунда жүктөп алып бара жаткан болжол менен 28 тонна көмүр төгүлүп, жолдун четинде турган жөө жүрүүчүлөрдү басып калгандыгы аныкталган. Аталган жол кырсыгынын кесепетинен 1993-жылы төрөлгөн аял, анын 2018-жылы туулган кызы, 2021-жылы туулган уулу, 24 жаштагы кош бойлуу келин, 10 жаштагы жана 11 жаштагы кыздар көз жумган. Каза болгон жарандардын жансыз денелерине медициналык кароо жүргүзүлүп, Хово үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош облустук наркологиялык борборунан күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөн. Ал соо абалда болгондугу тастыкталып, окуя тууралуу суралган. Андан сырткары, Хово үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 20 жаштагы жигит да суралган.

Текшерүү учурунда Ош ШИИБ окуя болгон жер Кара-Суу РИИБдин аймагы жана аймактык караштуулугу боюнча чогултулган материалдарды Кара-Суу РИИБге ошол эле күнү өткөрүп берген. 25-июнь күнү аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.