Оштогу ооруканада Кытай жаранынын көз жумушу. Окуянын чоо-жайы

Ошто Кытай жараны көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 10-октябрда саат 23:55 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн Кытай жараны геморрагиялык инсульт оорусу менен ооруп келип, бейтапканада каза болгондугун билдирген. Аталган маалымат 11-октябрда Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Соттук медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталган: 10-октябрда саат 17:10 чамасында Өзгөн районунун көмүр шахталардын биринде иштеген Кытай жараны — 1977-жылы туулган киши убактылуу жашаган бөлмөсүндө кан басымы көтөрүлүп, Өзгөн аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө келип, ал жерде каза болгондугу такталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.