Оштогу пахтаны кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты

Оштогу пахта заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, пахтаны кайра иштетүүчү цехтен чыккан жалын саат 13:02де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.