Оштогу «притон» рейди: Сойкулук жасоого шектүү 16 кыз кармалды

Ош шаарында 11-12-июль күндөрү “притон” рейди өткөрүлдү. Анын максаты жашыруун сойкулук жасоочу жайларды аныктоо, кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу болуп саналарын Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
Милиция кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, шек жараткан батирлерди текшерүүгө алышты. Рейддин жүрүшүндө сойкулук жасоого шектүү 16 кыз кармалып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө алынып келинип, бармактарынын издери алынды. Кармалган кыздардын көпчүлүгү Ош шаарына башка региондордон келгендиги аныкталды. Ушул профилактикалык иш чаранын жүрүшүндө мурда катталган 12 кылмыштын бети ачылып, бир издөөдө жүргөн жаран кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта профилактикалык иштер күчөтүлөт.