Ошто аялынын көңүлүн алайын деген «романтик» милицияга түшүп, чыгымды жапты

Ош шаарында жол боюна эгилген гүлдү жулуп барып, аялына берген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү жол боюнда шаарга көрк берип, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемеси тарабынан отургузулган гүлдөрдү жулуп кеткен жаран кармалды. Ал 1980-жылы туулган Ош шаарынын тургуну болуп чыкты. Ал өз көрсөтмөсүндө «Ошол күнү үйгө ичип баргам. Аялым аябай нааразы болуп, үйдөн кууп чыкты. Мен чынында күнөөлүү элем. Акыркы мезгилде көп ичип жатам. Анан кантип аялымдын көӊүлүн алып, үйгө кирүүнү ойлоп жаткам. Белек алайын десем, жанымда тыйыным жок. Жолдо, тумбада жакшынакай гүлдөр турган экен. Ошону жулуп алып үйгө кирип, аялыма берсем, ал кабыл алды. Бирок мен туура эмес кылдым. Мас элем» деген. Бул боюнча шектүүнүн бир тууган карындашы келип, мамлекетке кеткен чыгымдарды калыбына келтирген.