Оштогу сел: агызып кеткен 4 жаранды издөөгө 350 адам чыкты

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ, 14-июль күнү саат 22:40та 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыз Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан сөөгү табылган.

Издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (Студенттер шаарчасы), Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда. Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.