Оштогу сел: Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды

Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылды. Учурда дарыядан табылган жарандын аты-жөнүн тактоо иши жүрүүдө.

Кечээ, 14-июлда Ошто 5 адамды суу агызып кеткени маалымдалган. Анын ичинен төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, тагыраагы келин жана анын үч кызы экендиги айтылган. 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылган.