Оштогу сел: Дайынсыз болуп жаткан дагы эки кыздын сөөгү табылды

Өзбекстандын ӨКМнин ККББсы (ЦУКС) жана Хожоабад райондук ИИБдин нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн Андижан шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М. аттуу кыздардын жансыз денелери саат 14:30да суудан табылып, Андижан шаарынын өлүкканасына жеткирилди.
15-июль күнү саат 11:30да Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Ага чейин кечээ, 14-июлда 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандан табылган.
Учурда 1 аялды издөө иштери уланууда.