Оштогу сел: Изделип жаткан аял кишинин сөөгү Өзбекстандан табылды

Кечээ, 16-июль күнү 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын сөөгү Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн. Изделип жаткан жаран 14-июль күнү Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.