Оштогу оюн-зоок клубунда чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)

Ош шаарындагы «Ташрабатта» чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 21-майда ӨКМге Курманжан Датка №52 дарегинде имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, өрт өчүрүү штаб, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жеринде ИИМ жана Тез жардам кызматкерлери тартылган. Жабыркагандар жок.