Ош мэриясынын спорт комитетинин башчысына кылмыш иши козголду

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн арыз түшүп, «ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки тергөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү ШИИБге 1980-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. «Арызда Бекдөөлөт Абакиров жана дагы 4 адам келип, адамдык намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, көптөп ур-токмокко алганы жазылган. Жабырлануучу шаардагы базарлардын биринде соодагер болуп иштейт. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда арыз ээсине соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

Сереп Медиа агенттиги бул маалымат боюнча Ош мэриясына кайрылды. «Биз бул кабарды уккандан кийин Бекдөөлөт Абакировдун өзү менен байланыштык. Ал эч кимди сабабаганын, күбөлөрү бар экенин айтып жатат. Милицияга деле чакырышпаптыр«, — дешти мэриянын басма сөз кызматынан.