Оштогу түнкү клубда тергөөчү сабалды

Ош шаарындагы түнкү клубдун алдында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-сентябрга караган түнү саат 02:00дө Ош шаарында жайгашкан «Sky bar» түнкү клубдун алдында 1996-жылы туулган жаран сабалганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө сабалып, ооруканага түшкөн жаран Ош облустук милициянын Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты экендиги аныкталган. Анын денесиндеги жараатты аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынган. Аталган жагдай боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн тийиштүү кызматкерлерге атайын тапшырмалар берилген. Ошондой эле, бул окуя боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, жогорудагы окуя боюнча шектүүлөр аныкталып, 4 жаран кармалды.