Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 24-августта Ош шаарындагы СИЗОдо катталган адам өлүмү боюнча прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Маркумдун агасы Курстанбек Запаров Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборго кайрылып, ИИМдин жана СИЗО-5тин кызматкерлери ушул жылдын 23-августунда тергөөгө алынган адамдын жакындарына анын кармалганы боюнча да, которулгандыгы тууралуу да маалымат беришкен эмес деп билдирген. Эртеси, 24-августта анын каза болгондугу тууралуу жакындарына айтышкан. Аны акыркы сапарга узатуу күнүндө анын денесинен көгала тактарды көрүшкөн. Ал сүрөт жана видеону аталган борборго беришкен.
24-августта жазаларды аткаруу кызматынын Оштогу №25 мекемесинде уурулукка айыпталган жаран каза болгон. Ал убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-5ке которулуп, №25 мекеменин карантиндик камерага киргизилген болчу.