Оштогу «Улук-Ата» кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды

Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан «Улук-Ата» кафесинен чыккан өрт бүгүн, 16-декабрда саат 15:30да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 6 күжүрмөн эсеп, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.