Оштогу унаа жолго жер көчкү түшүп, Портерди басып калган

Бүгүн, 14-июнда Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа — Сары-Булак — Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча 1 жеңил унааны алып кеткен, ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Саат 12:28де 4 куткаруучу чыгып кеткен. Жер көчкү Портер унаасынын жарымын баскан, учурда унаа чыгарылды. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.