Оштогу уулануу. Окуя боюнча милициянын жообу

Ош облусунда эки аял ботулизм оорусунан каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нариман айылынын 50 жаштагы тургуну Одина Жураева ботулизм оорусунан аймактык ооруканада 10-март күнү болжол менен саат 22:45 чамасында каза болсо, ал эми дагы бирөөсү (аял киши) шаардык ооруканада көз жумган.

Каза болгон Жураеванын жолдошу И.Ж. менен уулу И. уулу И. аталган окуя тууралуу эч кимге, эч кандай арыз дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Аталган окуя боюнча берилген маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

Ал эми каза болгон экинчи аял тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.