Оштон кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжадан кармалып, камакка алынды

Оштон кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

11-апрель күнү саат 16:30 чамасында белгисиз жарандар Ош шаарынын тургунун Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып, ала качып кеткен. Бул факты Ош ШИИБге катталып, “Курчоо” иш-мерчеми киргизилген.

Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Кара-Кулжа райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылындагы чоң жолдо унаа токтотулуп, ала качып кетти делген 2005-жылы туулган кыз жана ала качып бара жаткан Кара-Кулжа районунун тургуну 2002-жылы туулган кыз менен кошо унаанын айдоочусу Ош шаарынын тургуну кармалган. Кармалган жарандар Тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизиди.