Оштун 55 жаштагы тургуну киши колдуу болду. Кылмышка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

55 жаштагы кишинин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен 31 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июль күнү саат 01:00дө Тез жардам кызматынан Ош ШИИБге маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын «ДЭУ» участкасынан 1966-жылы туулган Жапалак айылынын тургуну алган жаратынан улам окуя болгон жеринен каза болгону маалымдалган. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, соттук-медициналык эксперттердин катышуусунда сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын оң жагында жаракаты бар экендиги аныкталган. Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй ээлекте, шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 1990-жылы туулган киши кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө 30-июнь күнү саат 23:30да спирт ичимдигин ичип, үйүнөн Дэу матиз үлгүсүндөгү айылдашынын унаасы менен «ДЭУ» участкасындагы соода-түйүндөрүнүн жанына келген. Ошол жерде экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, колу менен уруп жиберген. Жаагына урганда жыгылып, турбай калган. Соода дүкөндөрдүн сатуучулары да күбө катары суралып, алар да урганын тастыкташкан. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.