Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты (видео)

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 21:04тө Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 21:05те №53 ӨКБдан 1 , жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 21:25те Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылып, толук өчүрүү иши жүрүүдө.