Оштун Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылды

Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясына (аты-жөнү такталууда) бала түшүп кеткен тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Кужа райондук №66 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э., аттуу баланын сөөгү Кызыл-Суу дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.