Оштун “смотрящийи” экенин айткан Алмаз Эрмекбаев бийликти колдой турганын айтты

Оштун “смотрящийи” экенин айткан Алмаз Эрмекбаев бийликти колдой турганын билдирди.

Ал буга чейин Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун айтты. Ал бийликти колдоп, мыйзамдарга баш ийе турганын билдирди.

4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. Ошол эле күнү “Сакал” каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтса, 6-октябрда «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген. 7-октябрда Камчы Көлбаевдин жеке жан сакчысы катары таанымал «Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев дагы криминалдык макамдан баш тартты.