Оштун тургуну Өзбекстандын президентине кайрылуу жасаган. Териштирүү башталды

Ош шаарынын тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге видео кайрылуу жасап, шаарга келүүнү суранган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

«Урматтуу Шавкат Миромоновичке өтүнүчүм бар. Ошко келишиңизди суранабыз. Он-Адырга келип тарыхта кала турган иштерди жасасаңыз, жакшы болмок. Биз баарын ачык айтып бермекпиз», — дейт ал. 

Ош милициясы кайрылуу жасаган адам Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну экенин аныктаган. «Кайрылуу жарык көргөндөн соӊ ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келинип, кайрылуу жасоосунун себептери суралган. Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо үчүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар аткарыла баштады. Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөзү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет», — дешти.