«Өспүрүм көз жарды». Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого 63 жаштагы киши шектелүүдө

Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 63 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 20-август күнү саат 19:30 чамасында Араван районунун Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдардын биринде жайгашкан эгин талаада 15 жаштагы өспүрүм кызды ошол эле айылдын 63 жаштагы тургуну алсыз абалынан пайдаланып, күч колдонуп зордуктаган. Бул жөнүндө жабырлануучу корккондуктан эч кимге айткан эмес. Качан гана апасы аны 2020-жылы ноябрь айынын аягында ооруканага алып барган учурда өспүрүмдүн 4 айлык боюнда бар экендиги тастыкталган. Кыз 15-майда Араван райондук төрөт үйүндө көз жарган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм кыз моралдык жана психологиялык жактан жабыр тартып, “Баланын укуктары жөнүндө” конвенциясында бекитилген укуктары тебеленип-тепселген. Бул жагдай боюнча 2020-жылдын 3-декабрында Жазык кодексинин 164-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш жазык иши ачылган.

Тергөө учурунда шектүүнүн жасаган кылмышы жабырлануучунун жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүндө, беттештирүү протоколдорунда, бир нече экспертизалардын корутундуларынын тыянагынын негизинде ал Жазык Кодексинин 162-беренеси 3-бөлүмү 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы аныкталган. 4-июнь күнү сотко чейинки өндүрүш ачылып, айыбы угузулуп, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 63 жаштагы айыпкердин бөгөт коюу чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, 22-июнга чейин камакка алуу түрү каралган. Учурда тергөө амалдары аяктап, бул ишти кароо үчүн Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.