Өспүрүмдөр Бишкектен айдап качкан 500 миң сомдук унааны Жалал-Абадда 40 миң сомго сатышкан

Унаа уурдоого шектелген жашы жете элек өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

27-ноябрда жаран милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 01:00дөн 11:00гө чейин Патрис-Лумумба көчөсүндөгү техникалык тейлөө станцияларынын биринин жанында токтоп турган 500 миң сом турган Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2006 жана 2007-жылы туулган өспүрүмдөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мурда уурдалган унаа Жалал-Абад облусунун аймагында 40 миң сомго сатылганын аныкташкан.