Өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган милиция кызматкери. ИИМдин маалыматы

ИИМдин Ички иликтөө кызматы жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамды кооптуу абалда калтырган милиция кызматкери кармалды.

Окуя өспүрүм геморрагиялык инсульт диагнозу менен ооруканага түшкөндөн кийин гана белгилүү болгон. 5-июлда 16 жаштагы жаран Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Тез жардам менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Окуя тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кабарланган. Милиция кызматкерлери баланын ооруканага түшүп калышына себеп болгон жагдайларды аныкташкан. Маалым болгондой, 5-июлда өспүрүм балдарга формачан адам кайрылып, коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандыгы үчүн айып пул менен коркуткан.

Формачан адам милиция кызматкери экени аныкталаары менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаралары өткөрүлгөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери тамеки тарткандыгы үчүн айып пул менен коркутуп, 1000 сом алган. Мындан тышкары, өспүрүм күтүлбөгөн жерден жаман болуп калганда, тийиштүү жардам берген эмес. Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси (кооптуу абалда калтыруу) боюнча кылмыш иши козголду.

2002-жылы туулган С.Б. Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Сот тарабынан аталган кызматкерге карата баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган.

Коомчулук ички иштер органдарынан укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу ишти, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө олуттуу натыйжаларды күтүүдө, бирок айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен бул багытта жасалып жаткан бардык күч-аракеттерди жокко чыгарып салышат жана укук коргоо системасынын беделин түшүрүшөт. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ички иштер органдарынын катарын милициянын аброюна шек келтирген кара ниет кызматкерлерден тазалоо иштерин улантууда.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирет.