“Отжимание жаса” деп баласын темир таяк менен сабаган атага карата өкүм чыкты

Ушул жылдын апрель айында Москвада баласын сабаган Кыргыз жаранынын окуясы эсиңизде чыгар? Ага карата кечээ өкүм чыгып, Москва облусуна караштуу райондук сот тарабынан 3 жарым жылга эркинен ажыратылды. 35 жаштагы Эмилбек Жунусов аттуу Кыргыз жаранына карата бул иште «бойго жете элек баласын багуу жана тарбиялоодогу жоопкерчиликсиз мамиле жана зомбулук» кылды деген айып тагылган.

Соттук отурум учурунда ал кылган ишине өкүнүп, уулунан кечирим сураган. “Мен күнөөлүүмүн. Мен акмакмын” деген ал.  Айыпталуучунун аялы соттон жолдошун жазага тартпоону өтүнгөн.

“Отжимание жаса” деп баласын темир таяк менен сабаган, муунткан окуя коомчулуктун катуу сынына кабылганы маалым.