Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл үй-бүлөлүк зомбулук көп катталды

Өлкөдө соңку 9 ай ичинде 8 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталган. 2019-жылы бул көрсөткүч 5 миңдин тегерегинде болчу. Бул тууралуу кечээ парламенттин комитеттик жыйынында вице-премьер Максат Мамытканов билдирди.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 324 кылмы иши ачылып, биринчи жарым жыл ичинде 71 иш сотко келип түшүп, анын 35и боюнча өкүм чыккан. Вице-премьердин айтымында, өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ага жол бербөө боюнча иштерди улантат.

Мамытканов Тоң районундагы өспүрүм кызды көптөн бери зордуктап келген деп айыпталган эки адамдын сотто акталып, бир адамдын жеңил жаза алышканына күч түзүмдөрү каршы экенин билдирди.