Өткөн жылы прокуратура 43 социалдык объектти мамлекетке кайтарды

2024-жылы прокуратура органдары тарабынан жалпы баасы 983,6 миллион сом болгон 43 социалдык объекттерди — мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар жана спорт комплекстери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратудан билдиришти.

Мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылды. 2024-жылы жалпы 4 488,13 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды, анын ичинде:

— 147,2 га калктуу конуштардын жери (1,1 миллиард сом),
— 1 235,14 га айыл чарба жерлери (6,2 миллиард сом),
— 631,91 га өнөр жай жана башка максаттагы аймактар (3 миллиард сом),
— 2 309,02 га суу фондуна караштуу жерлер (7,9 миллиард сом),
— 161,05 га токой фондуна тиешелүү жерлер (1 миллиард сом).