«Өтүп бара жатып түшүп кеткен». Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылды

Нарын дарыясынан жансыз дене чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Нарын районунун Ак-Булуң айылындагы Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп бара жатып эркек киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.