Социалдык тармакта «Өз элин шылдыңдады» деген аталыштагы видео тарап, анда чет элдик блогер Кыргыз жараны менен маек жүргүзгөнү чагылдырылган. Сүйлөшүү маалында жарандардын нааразычылыгын жараткан туура эмес билдирүүлөрдү айткан.
Бул факты Бишкек шаардык милициянын маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын негизинде текшерүү иши башталган. Текшерүүнүн алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери айымдын өздүгүн аныкташкан. Ал 1999-жылы туулган жаран болуп чыккан. Анын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.