Бишкекте бильярд клубу катары иштеген кумар оюндарын уюштурулган жер аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Бишкек шаарында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат түшкөн. Белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. ИИМдин берген маалыматына ылайык, кумар оюндарынын уюштуруучусу 34 жаштагы жаран болгон. Ал оюн-зоок бизнес мекемесинин иштешине шарт түзүп, жарандарды оюндарга катышууга чакырып турган. Шектүү жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
«Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталган, ал жака өз кишилерин гана киргизишчү», — деп жазылат маалыматта.