Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан үч Кыргыз жараны бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан үч Кыргыз жараны бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу журналисттерге Актам айыл башчысы Мирлан Камчыбеков ырастады.

Каза болгондор атасы жана анын эки уулу болгону маалымдалды.

Кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Кесепетинен Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болгон.