Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен жеринде жер титиреди

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 5-май күнү саат 14:16да Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=9,5).
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан. Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.