Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

15-ноябрда Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган тургуну кармалган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстандын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.